• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Интернетте бала бакчада балдарга орой мамиле жасалганы чагылдырылган видео тарады

Коом 0


Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Инстаграм социалдык тармагында бала бакчада балдарга орой мамиле жасалганы чагылдырылган видео тарады.

Видео жайгашкан аккаунттун администратору видео биздин өлкөдө тартылганын так билбегендиктен, мекеменин номерин жарыялаган эмес.

Айрым колдонуучулар аталган бала бакча Бишкек шаарында экенин жазышкан.

Кээ бир колдонуучулар тарбиячылар тарабынан мындай мамиле туура эмес экендигин айтышса, башкалары тескери пикирин билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий