• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Интернетте экстремисттик чакырыктарды таратып жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Интернетте экстремисттик чакырыктарды таратып жүргөн жаран кармалды, - деп билдирет Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, социалдык түйүндөрдө Кыргыз Республикасында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдарга таандык болгон видеоматериалдар, Сирия мамлекетиндеги куралдуу кагылышууну колдогон видеотасмалар, жихатка чакырган үндөр таркатылып жүргөн.

Бул факт Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-беренесинин ("экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ал эми таркатылган маалыматтарга комплекстүү экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында экстремисттик деп аныкталган.

Бул боюнча Кадамжай РИИБнин ЭММКАКтын ыкчам кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын жыйынтыгында, 10-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаарынан Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 45 жаштагы А.О. аттуу жаранын аныктап кармашып, убактылуу кармоо жайына киргизген.

Пикир

Оставить комментарий