• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Интернетте кыргыз тилиндеги маалыматтар көбөйүүдө – Улуттук статистика комитети

Коом 0

Бишкек, 03.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда кыргыз тилиндеги сайттар 23,0%дан (2013-жыл) 25,2%га (2017-жыл) чейин өскөн.

Улуттук статистика комитетинин “2013-2017-жылдардагы КРдагы маалыматтык-байланыш технологиялар” аттуу басылмасында 2013-жылдан бери кыргыз тилиндеги сайттар Баткен облусунда 2,3 эсеге, Жала-Абадда 4 эсеге, Бишкекте 1,5 жана Ош шаарында 3,2 эсеге өскөнү айтылат.

2017-жылы жеке сайттардын көп бөлүгү (89,6%) шаар аймактарында, анын 66%ы Бишкекте иштеген уюм, ишкана, мекемелерге таандык болгон.

Пикир

Оставить комментарий