• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Интернетте спирт ичимдиктерин жарнамалоого тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.03.18 /Кабар/. Кыргызстанда Интернет аркылуу спирт ичимдиктерин жарнамалоого тыюу салынды. "Жарнама жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизилип, 28-мартта мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган мыйзам технологиянын өнүгүүсүнө байланыштуу жарнама чөйрөсүндөгү эрежелерди өркүндөтүү жана калкты ичкиликтен алыстатуу максатын көздөйт.

Мыйзамдын 2-беренесине “мониторинг” түшүнүгү менен киргизилген. Ага ылайык, мамлекеттик көзөмөл боюнча монополияга каршы орган мыйзамдын аткарылышына байкоо жүргүзөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий