• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Интернетти ойлоп тапкандардын бири: Дүйнөдөгү бардык адамдарда Интернет болуш керек

Коом 0

Бишкек. 13.03.19 /Кабар/. Интернетти ойлоп тапкандардын бири, британ физиги Тим Бернерс-Ли интернетти кыянаттык менен пайдалануунун коркунучтарын эскертти. Кат дүйнөлүк желенин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына арналган.

Бернерс-Линин пикиринде, Интернеттин пайдасы менен катар зыяны да көп. Ал алдамчылар үчүн кылмыш жасоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Окумуштуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонуучуларды глобалдык веб-коомчулук катары биригүүгө чакырды.

Окумуштуу онлайн-платформалар купуялуулукту жана маалымат коопсуздугун эске алуу менен иштелип чыгышы керек деп эсептейт.

Ал Интернетти колдонуу эркиндигинин маанилүүлүгүн дагы белгиледи.

"Учурда дүйнөнүн жарымы онлайн. Андыктан калган жарымы автономдук режимде калбашы керек", – деп эсептейт Бернерс-Ли.

Тим Бернерс-Ли 30 жыл мурун Өзөктүк иликтөөлөр боюнча европалык комиссиянын (CERN) илимий кызматкери болгон. Ал институт ичинде маалымат менен иштөөнүн жаңы принцибин сунуштаган, анын негизинде интернет түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий