• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Интерпол боюнча издөөдө жүргөн тажикстандык жаран Кыргызстанда кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.04.19. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Криминалдык милиция кызматынын (КМК) 3-башкармалыгынын кызматкерлери Интерпол боюнча издөөдө жүргөн тажикстандык жаранды кармашты.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, мындан мурдараак кошуна мамлекетте каракчылык боюнча издөөгө алынган жарандын Кыргызстанда жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү маалында Бишкек шаарында Тажикстандын 27 жаштагы Г.У., аттуу жараны кармалган.

Кармалган жаран камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий