• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Интерпол издөөгө алган түркиялык жаран Бишкекте кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Интерпол тарабынан издөөгө алынган түркиялык жаран Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМ билдиргендей, Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматына Түркиянын "У" аттуу жараны укук коргоо органдарынан Кыргызстанда мыйзамсыз жашырынып жүргөнү жана жасалма документтер менен Европа өлкөлөрүнө чыгып кетүүгө даярданып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

28-май күнү милиция кызматкерлери Бишкектен Интерпол издөөгө алган Түркиянын 35 жаштагы жаранын кармашкан. Маалыматка ылайык, ал Түркияда жасаган оор кылмышы үчүн издөөдө жүргөн.

Кармалган адам Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, сот аны эки айга №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Учурда кошумча ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий