• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Инвестиция министрлиги бүгүнкү күнгө карата дээрлик 500 млн долларлык 8 долбоорду коштоп жүрөт

Экономика 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Бугүнкү кундө КР Инвестициялар минитрлиги 499,5 млн долларлык 8 долбоорду коштоп жүрөт. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында КР инвестициялар министринин орун басары Нурадил Баясов билдирди.

Анын айтымында, ведомство 2016-жылдан бери бир катар долбоорлорду котоп жүрөт. "Ошентип, бүгүнкү күндө 8 долбоор активдүү колдоого ээ, тактап айтканда "Чаарат "(тоо-кен тармагындагы компания), "Кыргызтекстил ", "Кыргызунаа курулуш ", "Металлкен", "Кыргыз темир" жана башкалар", - деди ал.

Мындан тышкары, Баясов бул инвестициялардын 70% жакыны буга чейин Кыргызстанда жасалганын жана учурда көптөгөн долбоорлор акыркы баскычта экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий