• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Инвестиция салуу үчүн КРдагы 5 артыкчылыктуу багыт - алар кайсылар?

Экономика 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Кыргызстан – чоң мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү. Ал чын дили менен эмгектенип, акча табууну каалагандар учүн ар дайым ачык, деп VIII регион аралык кыргыз-орус конференциясында КРнын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров билдирди.

Анын айтуусу боюнча, Кыргызстандын өкмөтү экономиканын негизги артыкчылыктарын белгилеген. Алар социалдык-экономикалык өнүгүүнүн локомотиви болот.

“Биринчиси бизнес чөйрөсүн өнүктүрүү. Биз чакан жана орто бизнести активдүү өнүктүрүү боюнча иш алып баруудабыз. Ал үчүн өкмөттүн ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча ишмердүүлүгүн мүмкүн болушунча ачык кылдык. Өкмөт мыйзам чегинде, расмий жана ачык иштеген ар бир ишкерди колдоого даяр. Мен орус ишкерлерди Кыргызстанга инвестицияларын салууга чакырам, КРнын өкмөтү сиздердин бизнеске толугу менен колдоо көрсөтөт”, - деп билдирди ал.

Кийинки артыкчылыктуу багыт катары Аскаров туризм чөйрөсүн атады.

“2018-жылы Кыргызстанда 7 млн. жакын турист келген. Бул мурунку жылга салыштырмалуу эки эсегк көп жана ИДПнын 5%ын түзгөн. 2023-жылга биз бул көрсөткүчтү 7%га жеткирүүнү пландаштыруудабыз. Кыргызстан 2019-жылы дүйнө боюнча эң жагымдуу 5 өлкөлөрдүн тизмесине кирген. Бул Кыргызстан региондо жагымдуу туристтик борборго айланып бара жаткандыгынан кабар берет. Биз Россиядан келген туристтерди да кабыл алууну каалайт элек. Кыргызстандын жаратылышы абдан кооз жана бул жакта көптөгөн жаратылыш парктар, биосфералык жайлар жана курорттук объектилер көп. Ошондой эле экотуризмдин потенциалы чоң”, - деди Аскаров.

Ошондой эле вице-премьер-министр энергетика жана жер казынасын пайдалануу жааттарын атады.

“Гидро-энергетикалык долбоорлорду ашыруу үчүн Кыргызстан абдан ыңгайлуу. Кыргыз өкмөтү жер казынасын пайдаланууда кызматташууга кызыкдар. Кыргыз Республикасынын суу энергетика потенциалды абдан жогору болуп, 142 млрд. кВт.с түзөт. Ал эми жер казынасын пайдалануу чөйрөсү кыргыз экономикасы үчүн абдан маанилүү жана чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу. Учурда “Русгеология” АК менен кызматташууга кол коюу күтүлүүдө. Биз башка дагы орус компанияларды кызматташууга чакырып, алардын коопсуздугун камсыз кылууга кепилдик беребиз”, - деди ал.

Аскаров акыркы бешинчи артыкчылыктуу багыт катары биргелешкен мекемелерди түзүүнү атады.

Ал билдиргендей, Кыргызстанда орус компаниялары менен биргелешкен 688 мекеме иш жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий