• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү. Түштүк Кореяда Кыргызстан тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 27.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Динара Кемелова Ансан шаарынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүү форумуна катышуусунун алкагында Кыргызстан, инвестицияларды тартууга региондордун мүмкүнчүлүктөрү жана Кыргыз Республикасында болуп жаткан маданий иш-чаралар жөнүндө презентация жасады. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, элчи өз презентациясында дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, билим берүү фестивалы, Нооруз, Tengri Muzic Fest, өрүк жана карагат фестивалы, улуттук жана спорттук мелдештер сыяктуу эң масштабдуу коомдук иш-чараларды белгиледи.

Презентациянын алкагында катышуучуларга түштүк кореялык туристтерди тартуу максатында 2021-жылы Кыргызстанда пландаштырылган иш-чаралардын календары таркатылды.

Ансан шаарынын мэри Юн Хва Суб менен сүйлөшүүдө Кыргызстандын элчиси Токмок шаары менен Ансан шаарынын ортосунда мамилелерди түзүү, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана аймактарды жана шаарларды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелерине токтолду.

Пикир

Оставить комментарий