• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорлугуна Умбриэль Темиралиев дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 25.09.22. /Кабар/. Умбриэль Темиралиев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Темиралиев Умбриэль Темиралиевич президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган агенттиктин буга чейинки жетекчиси Равшанбек Сабиров өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий