• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Инвестицияларды тартуу боюнча агенттик өкмөттүн курамына өзүнчө ведоство катары кирет – Сапар Исаков

Экономика 0

Жети-Өгүз, 12.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Экономика министрлигине караштуу Инвестицияларды тартуу боюнча агенттик өкмөттүн курамына өзүнчө ведоство катары кирет. Бул тууралуу Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун жашоочулары менен жолугушууда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков билдирди.

Ал бүгүнкү күндө инвестицияларды тартуу Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи.

“ИТА ведомство түрүндөгү ири түзүмгө айланат. Бул ведомствону мен көзөмөлдөйм. Себеби инвестор келип, президент же премьер-министр менен сүйлөшө турганын айтат. Биз сиздер менен бирге күнү-түнү иштейбиз”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий