• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Инвестициялардын корголушуна ишенимдин жоктугу анын келишине терс таасирин тийгизүүдө – Сыдыков

Экономика 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Инвестициялардын корголушуна ишенимдин жоктугу анын келишине терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу Өнөр жай жана ишкерчиликти өнүктүрүү комитетинин экинчи жыйынында Эл аралык ишкер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.

Ал белгилегендей, экономикалык эркиндиктин индексин баалоо боюнча отчетко ылайык Кыргызстанда бизнес начар корголот. 2017-2018-жылдагы маалыматтарга ылайык инвестициянын келиши анын кетишинен болгону 2,5%га ашкан.

"Анын негизги себеби коррупция, саясий туруксуздук, бюрократия жана начар инфраструктура ж.б. болууда. Бул себептердин баары бизнес үчүн "айгай" болуп, алар башка өлкөлөргө инвестицияны салууну артык көрөт. Бизнесте алардын инвестициялары корголот деген ишеним жок. Бүгүнкү күнү бизнес мамлекет үчүн тил уккан, бирок колдоо көрсөтүлбөгөн жана көңүл бурулбаган "бакма баласы", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий