• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Инвестициянын төмөндөшүнүн негизги себептери айтылды

Экономика 0

Бишкек, 22.01.19. /Кабар/. Инвестиция тартуу жана коргоо агенттиги чет элдик инвестициялардын азайышынын негизги себептерин айтты.

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында агенттиктин жетекчиси Адилбек уулу Шумкарбек билдиргендей, чет элдик түз инвестициялардын төмөндөшү бүткүл дүйнө боюнча байкалууда.

“Эгер дүйнөдө инвестициялардын көлөмү 23% төмөндөсө, өнүккөн өлкөлөрдө 35-37%га чейин, ал эми Кыргызстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө төмөндөөсү 23%ды түзөт”, - дейт ал.

Агенттиктин башчысы кошумчалагандай, Россияда да инвестициялардын кескин төмөндөшү байкалууда, ал эми Казакстан, Өзбекстан жана Беларуста өсүү байкалууда.

Бул жагдайдын негизги себеби катары Адилбек уулу Шумкарбек инвесторлордун жергиликтүү калк менен болгон көйгөйлөрүн атаган.

“Акыркы эки жылдын ичинде жергиликтүү калктын жана жергиликтүү бийлик органдарынын активдүү эмес иштеринин жыйынтыгында компаниялар өз ишмердүүлүгүн токтотуп, кетип жатышты. Же болбосо инвесторлор 3-4 жылдар бою өз долбоорлорун ишке ашыра албай келишет. Бул өлкөнүн маалыматтык фонуна терс таасирин тийгизип, ошол себептен көптөр Кыргызстанга инвестиция салуудан баш тартышат”, - деп өзгөчө белгилеп кетти ал.

Анын айтуусунда 2014-жылдан тарта инвестициялардын саны азайган.

“2014-жылы чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүн 142 компания түзсө, 2015-жылы – 127, 2016-жылы - 99, 2017-жылы 115 жана 2018-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен 137 компания. Компаниялардын саны өскөнү менен бир компанияга дал келген көлөмдөр төмөндөөдө. Эгер 2014-жылы көлөмү 5,1 млн.долларды түзсө, 2018-жылы - 2,5 млн.долларды түзгөн”, - деп кошумчалады Адилбек уулу Шумкарбек.

Пикир

Оставить комментарий