• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Инвестициялык агенттик чакан жана орто ишкердикти колдоого ниеттенүүдө

Экономика 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. Кыргызстанда өндүрүлгөн жашылча-жемиштер атаандаштыкка күч кошуп жаткан фактор болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев билдирди.

Анын айтымында, биздин жапайы өскөн жашылча-жемиштерибиз химикатсыз өскөндүктөн суроо-талапка ээ.

“Бул жапайы өскөн алма, өрүк, кайналы болушу мүмкүн. Мөмөлөрдү жууп, кургатып, дүйнөлүк рынокко чыгаруу үчүн бизге жабдыктар жетишпей жатат. Анткени, аларды үй шартында кургатуу эл аралык стандартка туура келбейт. Биздин максат чакан жана орто ишканаларга багыт жана консультация берип, керектүү жабдыктарын сатып берип, же сатып алганга инвестор таап, ошону менен эле чектелип калбай аларды керектүү рынокторго чыгаруу болуп саналат. Бул арап өлкөлөрү, Корея, Европа өлкөлөрү, АКШ жана Канада болушу мүмкүн”, - деди ал.

Темиралиев белгилегендей, Кыргызстанда өз күчү менен Германия жана Россиянын рынокторуна чыгып жаткан ишкерлер бар. “Мисалы, Жалал-Абад облусунан бир ишкер өзү эле АКШ менен Канаданын рыногуна чыгып иштеп жатат. Башкача айтканда, биз эң биринчи кезекте ири долбоорлордун артынан ээрчип кетпей, ушул сыяктуу кейстерди, башкача айтканда, чакан жана орто ишканаларды колдоп, аларга багыт берип, керектүү узак мөөнөттүү капитал издөөбүз керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий