• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Инвестициялык бизнес-долбоорлорду тандоо боюнча сынак комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 11.11.19./Кабар/. Инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын тандоо боюнча сынак комиссиясы кезектеги жыйынында республикалык бюджеттен аймактарды өнүктүрүү максатында бөлүнгөн 2 млрд сомдун алкагында жалпы суммасы 155 млн 459 миң сомго 19 долбоорду жактырды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.

Сынак комиссиясынын төрагасы вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгилегендей, долбоорлорду кароодо бекитилген критерийлерди колго алып, аймактардын экономикалык өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруу керек. Ошону менен бирге долбоорлорду тандоодо республиканын бийик тоолуу, алыскы, жетүү кыйын болгон жана чек ара аймактарынан келген бизнес демилгелерге артыкчылык берилет.

«Ар бир аймактын өнүгүү үчүн өз дарамети бар. Алсак, Нарын облусунда биз мал чарбачылыгына басым жасайбыз, Ысык-Көлдө туризмге. Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында милдеттер жетиштүү. Алардын башкыларынын бири – жаңы ишканаларды ачуу. Бул чечим кошумча жумуш орундарын түзүп, аймактарды өнүктүрүүгө дем берет. Долбоорлордун санына эмес, сапатына көңүл буруу зарыл. Долбоорлордун сапатынан алардын кийинки натыйжасы көз каранды. Буга байланыштуу, сынак комиссиясы ар бир долбоорду талдап жатышат», – деди ал.

Сынактык комиссиянын кезектеги жыйынында алардын кароосуна Баткен, Талас, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынан жалпы суммасы 600,0 млн сомдон ашуун 39 бизнес-долбоор сунушталган.

«Сынак комиссиясынын критерийлеринин бири – Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан долбоорлорду жактыруу. Долбоорлорду комиссиянын жыйындарында сиздер жеке өзүңүздөр тааныштырасыздар. Анткени сиздердин аймакты өзүңүздөрдөн жакшы эч ким билбейт. Силер мыкты долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар болушуңар керек. Биз берилген долбоорлордун саны боюнча, эң башкысы сапаты боюнча силердин ишиңерге, тагыраагы, калк менен канчалык деңгээлде тыгыз иштей турганыңарга баа беребиз», – деп белгиледи вице-премьер-министр.

Замирбек Аскаров Сынак комиссиясынын Катчылыгынын жоопкерчилигин өзгөчө белгиледи, ал долбоорлордун даярдалышын жана тигил же бул долбоорлорду изилдөөдө финансы институттары менен ишкерлердин өз ара аракеттешүүсүн тыкыр көзөмөлдөйт.

Долбоор сынактык комиссиянын кароосуна бардык коштоочу документтер бар болсо гана, тагыраагы облустарда ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн макулдугу жана аймактын финансы институттарынын жетекчилеринин кат түрүндө долбоорду жактыруусу менен киргизилет.

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын долбоорлорду тандоо боюнча сынак комиссиясы тарабынан 538,3 млн сомго 30 долбоор жактырылган. Жактырылган долбоорлор үзүрлүү ишке ашырылса, аймактарда 1 миң 451 жаңы жумуш орду түзүлөт.

Долбоорлорду кеңири камтуу максатында аймактык сынак комиссиялары түзүлгөн. Бүгүнкү күнү жер-жерлерде Сынак комиссиясынын кийинки жыйынына долбоорлорду тандоо уланууда.

Пикир

Оставить комментарий