• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Инвестициялык фонддордун ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 02.04.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Инвестициялык фонддордун ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-февралында кабыл алынган.

Инвестициялык фонддордун ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу максатында кабыл алынган Мыйзам менен 1999-жылдын 26-июлундагы № 92 «Инвестициялык фонддор жөнүндө» КР Мыйзамына, 2009-жылдын 24-июлундагы № 251 «Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» КР Мыйзамына, 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» КР Мыйзамына жана 2003-жылдын 27-мартындагы № 64 «Акционердик коомдор жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий