• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Инвестициялык климаттын жакшыруусу инвестициялык көлөмдүн өсүүсүнө алып келди – вице-премьер

Өкмөт 0

Бишкек. 31.05.19 /Кабар/. Инвестициялык климаттын жакшыруусу инвестициялык көлөмдүн өсүүсүнө алып келди. Бул тууралуу вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) инвестициялык форумунун ачылышына билдирди. Аскаров өз сөзүндө ЕРӨБ чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдөгү ролун жана ордун белгиледи.

«Өкмөт ЕРӨБ менен биргеликте республикада ишкерликти өнүктүрүү боюнча маанилүү иштерди жасады. Ишкерликти коргоо институту - Бизнес-омбудсмен түзүү анын олуттуу жыйынтыгы болуп саналат. ЕРӨБ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңешинин ишмердигин колдойт, ал мамлекеттик-жеке диалог үчүн натыйжалуу аянтча жана ишкерлердин көйгөйлүү маселелерин чечүү жана бизнес-климатты жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгуу боюнча биргелешкен иштерге шарт түзөт», - деди ал.

Вице-премьер-министр финансылык институттун бизнести капиталдаштыруу жана аймактардын өндүрүштүк инфратүзүмүн өнүктүрүү күч-аракеттерин жогору баалады.

«Биз банктын компаниялардын капиталында түз катышуу аркылуу инвестицияларын жогору баалайбыз. Бул бизнеске күрөөсүз түздөн-түз инвестиция салууну шарттаган ишеним куралы. Ошону менен бирге, биз банктын аймактардагы калктуу жерлердин инфратүзүмүн жаңылоо аракеттерин колдойбуз. Кеп инженердик коммуникация – жылуулук менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, канализация түйүндөрүн модернизациялоо тууралуу болуп жатат», – деп белгиледи Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр Кыргыз Өкмөтүнүн инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча ишинин учурдагы жыйынтыгынын оңдуу көрсөткүчтөрүн айтып өттү.

«Кыргыз Республикасына түз инвестициялардын агымы 2018-жылы 851,7 млн АКШ долларын түзгөн жана 2017-жылга салыштырмалуу 38,1% көбөйгөн. Ошол эле учурда агым 144,2 млн АКШ долларын түзгөн. Бул дүйнөдө чет элдик түз инвестициялардын көлөмү 19% түшкөн шартта. Түз инвестициялардын чыгышы 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу 2,3% азайган. Бул кыйла жакшы көрсөткүч», - деп жыйынтыктады Замирбек Аскаров.

Форумдун алкагында чакан жана орто бизнес боюнча инвестициялык долбоорлор чөйрөсүндө мыкты практиктерди сыйлоо салтанаты өттү. Ошондой эле ар түрдүү мекемелердин чакан жана орто бизнести колдоо жана каржылоодо кызматташууларын талкуулоо боюнча пленардык дискуссиялар болду.

Маалымдама: Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын 1993-жылы ишмердигин баштагандан бери Кыргыз Республикасына экономиканын түрдүү багыттарындагы 170 долбоордун алкагында дээрлик 700 миллион АКШ долларын инвестициялаган. Долбоордун учурдагы портфели 176 миллион еврону түзөт, активдүү портфелдик долбоорлор – 71. Анын 5% - энергетика, 24% - финансы институттары жана 18% - өнөр жай, соода жана агрардык тармакка таандык. Ошону менен бирге, жеке сектордун үлүшү 53%.

Пикир

Оставить комментарий