• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Инвестициялык саясат боюнча кеңештин биринчи жыйыны өттү

Өкмөт 0


Бишкек, 4-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин биринчи жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен 2017-жылдын 25-майында Бюджет кодексин ишке ашыруу максатында түзүлгөн. Кеңештин негизги максаты – фискалдык жана инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу болуп саналат.

Өкмөт башчы белгилегендей, кеңештин кароосуна бир катар долбоорлор киргизилип, алар өлкө экономикасын өнүктүрүүдө Өкмөттүн көз карашын күчөтүүгө багытталган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өнүгүү долбоорлорун ишке ашырууда ички жана сырттан тартылган ресурстарды максималдуу эффективдүү пайдалануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Буга байланыштуу коюлган тапшырмаларды сапаттуу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилиги караларын белгиледи.

Жыйында төрт инвестициялык долбоор каралып, аларды ишке ашырууга сунушталган эл аралык финансы институттары: «Digital CASA. Kyrgyzstan», «Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту күчөтүү» «Чыгышэлектро» ААК реаблитациялоо жана «Айыл жеринде ичүүчү суу менен камсыздоо тармагын инвестициялоо».

Жыйында эл аралык финансы институттарынын катышуусунда ишке ашыруу каралаган төрт инвестициялык долбоор каралды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев маалымдагандай, «Digital CASA. Kyrgyzstan» долбоорунун максаты жана милдети «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу менен түздөн-түз байланышкан жана жеке маалыматтык-телекоммуникациялык инфраструктураны түзүүгө жана өнүктүрүүгө, ошондой эле ачык санариптик мамлекетти жана коомду өнүктүрүүгө багытталган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдагандай, «Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту күчөтүү» долбоорунун ишке ашыруунун жүрүшүндө

Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдар жана кризистик шарттарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасынын бөлүктөрүн ишке киргизүү, мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде коопсуздукту күчөтүү, каржылык коргоону өнүктүрүү жана өзгөчө кырдаалдардан камсыздандыруу жана бир катар маанилүү бөлүктөрү каралууда.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшенбек Зилалиев белгилегендей, «Чыгышэлектро» ААК реаблитациялоо боюнча долбоору электроэнергетикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө, техникалык жана коммерциялык жоготууларды 18% ден 10%, азайтууга, керектөөчүлөргө берилген шарттардын сапатын жакшыртууга, күнүмдүк керектөө процессин автоматташтырууга жана калктан электр энергиясына түшүүлөрдү 2 эсе көбөйтүүгө багытталган.

Архитектрура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Борубаевдин берген маалыматы боюнча «Айыл жеринде ичүүчү суу менен камсыздоо тармагын инвестициялоо» долбоорун ишке киргизүү менен Ош облусунун Өзгөн районунун сегиз айылында 50миңге жакын адамды ичүүчү суу менен камсыздоого жана сапатсыз ичүүчү суу аркылуу калк арасындагы ооруулардын санын кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жогоруда аталган инвестициялык долбоорлордун маанилүүлүгүн баса белгилеп, аларды сапатуу ишке ашыруу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери болгон күч–аракетин жумшоо зарылдыгын баса белгиледи.

Жыйындын соңунда өкмөттүн фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин мүчөлөрү каралган долбоорлорду бир добуштан колдошту.

Долбоорлор министрликтер менен ведомстволордон дыкат талкуулардан өткөн соң макулдашылган варианты Жогорку Кеңешке ратификациялоо үчүн киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий