• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Инвестор "Макмал Голд Компании" ЖЧКсы үчүн биринчи траншты $1 млн өлчөмүндө которду

Экономика 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. "Мансон Групп" ЖЧКсынын уюштуруучусу "Макмал Голд Компании" ЖЧК долбоорун ишке ашыруу үчүн 1 млн. доллар өлчөмүндө биринчи траншын которду. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, президенттин 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү боюнча жарлыгынын жана өкмөттүн "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" планынын алкагында 2019-жылдын 27-мартында "Кыргызалтын" ААКсы менен сынактын жеңүүчүсү "Мансон Групп" ЖЧКсы "Макмалалтын Комбинаты" филиалынын базасында биргелешкен коом түзүү максатында Макулдашууга кол койгон.

Бүгүнкү күнү "Кыргызалтын" ААКсынын "Макмалалтын Комбинаты" филиалындагы активдерин биргелешкен коомдун уставдык капиталына өткөрүү процедурасы жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий