• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Инвесторлор Кыргызстандын агрардык тармагын каржылоого даяр эмес – адис

Коом 0

Бишкек, 09.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Инвесторлор азырынча Кыргызстандын агрардык тармагын бир нече себептерден улам каржылоого даяр эмес. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Кыргызстан экспортчулар жана импортчулар ассоциациясынын төрагасы Ленара Ниязбекова билдирди.

Ал билдиргендей, биринчи кезекте инвесторлор уруксат кагаз жана башка документтерди алып жатканда өз “үлүшүн” талап кылган начар адамдарга жолугушат. Андан сырткары, эгерде чиновниктер долбоор келечектүү жана кирешелүү экендигин көрсө, анда аны өзү алып алганда аракет кылышат.

“Биздин тажрыйбада мындай бар, ошондуктан, биз учурдагы схеманы билебиз. Көпчүлүк чиновниктерде үлүш деген түшүнүк бар. Биз жакынкы убактарда коррупция менен болгон күрөш ишкерлерге карата болгон тоскоолдуктарды жоёт деп ишенебиз”,-деп билдирди ал.

Ошондой эле ал билдиргендей, бүгүнкү күндө көптөгөн дыйкандар айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча туура эмес түшүнүк алышкан. Ашыкча же жетишсиз сугаруудан жана химикаттарды туура эмес пайдалануудан улам, алар сапатсыз жана көп түшүм ала албай жатышат. Андан сырткары, өлкөдө жер семиткичтерди жайылтуу боюнча иштер жүргүзүлбөйт.

Ниязбекова билдиргендей, ар бир дыйкан дайыма чөнтөгүнө жараша жер семирткичтерди сатып алып, аны менен бирге айдоо аянтчасын начарлатат.

Кыргыз дыйкандары мол түшүмдүүлүк менен туруктуу түрдө камсыздай алышпайт, ошондуктан дагы инвесторлор Кыргызстандын агрардык тармагын каржылоого шашылбайт,- деп түшүндүрдү адис.

Пикир

Оставить комментарий