• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Инвесторлорго жардам берүүнүн ордуна чиновниктер акча сурашууда – депутат

Коом 0

Бишкек. 28.02.19 /Кабар/. Инвесторлорго жардам берүүнүн ордуна Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Айыл чарба министрлиги алардан кум-шагыл иштетүүгө маалымкат алуу үчүн 500-1000 доллар сурашууда. Бул тууралуу депутат Улан Примов Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

"Ушинтип отурсак, өлкө экономикасын кантип өстүрөбүз?", - деди депутат.

"Ушу тапта президент коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатат. Менимче, министрликтердин мындай жосунун аны жокко чыгаруу аракети катары бааласак да болот", - деген пикирде Улан Примов.

"Өнөр жай комитетинин башчысы Эмил Осмонбетов жалгыз өзү эч нерсеге жетишпейт. А тигилердин кылганы ушул. Инвесторлор лицензия ала албай арабөк абалда отурат, демек, салыктык төлөмдөр түшпөйт, бюджет толбойт, калк көйгөйү чечилбейт деген сөз. Өкмөт тезинен чара көрүп, бул маселени чечип бериши керек", - деп кошумчалады депутат.

Пикир

Оставить комментарий