• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Йога федерациясы ачык эшик күндөрүн өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 15.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 29-октябрда Кыргызстандын йога федерациясы “Ачык эшик күндөрүн” өткөрөт.

Спорттун бул түрү боюнча федерациядан билдиришкендей, окутуулар Бишкектин мыкты инструкторлоору тарабынан таң эртеден кечке чейин өткөрүлмөкчү.

“Биздин залда кызыктуу жана ачык йога окутуучулары иштешет. Биз сиздерге ар түрдүү стилдердин, мектептердин ичинен эң жакшысын тандап беребиз. Окутуулар жогорку кесипкөйлүк деңгээлде өтөт, бул иш-чара болушунча пайдалуу жана жемиштүү болот. Бардыгыңыздарды йога менен жакындан таанышууга чакырабыз”, -деп билдиришти федерациядан.

Бардык мастер-класстар акысыз.

Программа:

10:00 Ольга - Хатха-йога

11.00 Рамиля - Каланетика

12.00 Гульзат - Кундалини

13.00-14.00 эс алуу - баарлашуу

14.00 Марина – топ менен йога

15.00 Елена - Fly yoga

16,00 Анна – Аялдар көнүгүүлөрү

17.00 Дарья - Аштанга-виньяса йога

18.00 Ксения - Йога-нидра

Иш-чара Асанбай кичи району 40 дарегинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий