• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ипотекалык кредитти мөөнөтүнөн мурда эки адам гана төлөгөн – МИК

Экономика 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Ипотекалык кредитти мөөнөтүнөн мурда эки адам гана төлөгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев кабарлады.

Анын айтуусунда, “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасынын катышуучулары үчүн ипотекалык кредитти мөөнөтүнөн эрте төлөө үчүн эч кандай кошумча төлөмдөр каралган эмес.

“Ипотеканы бөлүп-бөлүп же берилген мөөнөтүнөн эрте төлөөгө болот. Кредит алган адамдар эрте төлөгөндүгү үчүн кошумча комиссияларды төлөбөйт. Мындай учурда кредиттин негизги суммасы жана пайыздардын суммасы төмөндөйт”, - дейт Шамкеев.

Анын маалыматына ылайык, “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасы боюнча көп батирлүү үйлөрдөн батир алууда анын аянты 80 чарчы метрден, ал эми жеке турак жайларда 150 чарчы метрден ашпашы керек.

Пикир

Оставить комментарий