• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ипотекалык насыя берүүнүн мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин узартылды

Президент 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 3-ноябрында кабыл алынган “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул мыйзамдын максаты Кыргызстандын жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Мыйзам менен инвесторлордун/эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралган. Бул өз кезегинде Кыргызстанда ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдетет.

Ошондой эле мыйзам менен ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат.

Аталган өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун/эл аралык донорлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий