• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ирак менен Сириянын абактарында Кыргызстандын 600дөй жараны бар

Коом 0

Бишкек, 27.07.22. /Кабар/. Ирак менен Сириянын абактарында Кыргызстандын 600дөй жараны бар. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, болжол менен анын 400ү балдар жана 200ү аялдар.

“Учурда бул маселе боюнча КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, укук коргоо органдары жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги алдында атайын мамлекеттик комиссия түзүлдү. Учурда балдарды мекенге кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, - деди ал.

Ведомствонун башчысы белгилегендей, энелердин маселеси татаалырак жана бүгүнкү күндө аны чечүүнүн жолдору аныктала элек.

Пикир

Оставить комментарий