• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ирак менен Тажикстандын өкүлдөрү тажик балдарды кайтарып келүү боюнча сүйлөшүштү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 22.03.19 /Кабар/. Тажикстандын Багдаддагы элчиси Ирактын тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушуп, тажик балдарды өлкөгө кайтарып баруу тууралуу сүйлөшүү жүргүздү. Бул тууралуу ca-irnews.com жазат.

Тажикстандын Багдаддагы элчиси Зубайдулло Зубайдзода менен Ирактын тышкы иштер министринин укуктук иштер жана көп тараптуу байланыштар боюнча орун басары Хазим аль-Юсуфи жолугушту.

Жолугушуунун алкагында экономика, соода, инвестиция, туризм, террорчулукка каршы күрөшүү тармактарында кызматташтыктар жана тажик балдарды Ирактан мекенине кайтаруу боюнча маселелер каралды.

Ошондой эле жолугушууда эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий сүйлөшүүлөрдү өткөрүү, Ирак тараптын Азиядагы өз ара аракет жана ишеним орнотуу эл аралык форумуна мүчө мамлекеттердин бешинчи саммитине жана “Террорчулукка, аткезчиликке жана кылмыштуу уюмдарга каршы эл аралык жана аймактык кызматташуу” конференциясына катышуусу каралды.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда кызматташтык орнотуу, Жакынкы Чыгыштагы жана Ооганстандагы кырдаал талкууга алынды.

Пикир

Оставить комментарий