• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Иракта жүргөн дээрлик 70 жакын кыргызстандык баланы алып келүү пландалууда – Айдарбеков

Коом 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Иракта жүргөн дээрлик 70 жакын кыргызстандык баланы өлкөгө алып келүү пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Министр Ирак жана Сириядагы Кыргызстандын жарандарын-балдарын алып келүү маселеси татаал процесс экендигин айтып, бүгүнкү күндө дээрлик 70 баланы Кыргызстанга кайтаруу боюнча келишим бар экендигин кошумчалады.

“Бул бир күндө чечиле турган маселе эмес. Өкмөт чет жакта жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого терең көңүл буруп жатып, ушул маселеге жетти. Бул жерде каржылоо, Кыргызстанга кайтаруу, бошотуу, улутун тактоо жана башка маселелер бар”, - деди ал.

Айдарбеков баса белгилегендей, маселе бир гана алардын кайтышында эмес. Бул жерде алардын мекенде жүрүшү, үй-бүлөсү менен биригүүсү, коомго кошулуусу жана башка ушул сыяктуу чоң социалдык маселелер турат.

Министр билдиргендей, аларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча маселе ийгиликтүү аяктады.

“Өкмөттүк топтун баруусу пландалууда. Биздин жарандарды кайтаруу боюнча келишим бар. Бүгүнкү күндө сөз Ирактан алып келинүүчү 70 бала тууралуу болууда. Бирок, балдардын акыркы тизмеси алардын ата-энесинин маулдугу менен жеринде бекитилет. Ал эми Сирия боюнча алардын өкмөттүк түзүмдөрү менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал жакта өкмөткө баш ийбеген аймактар бар. Ошол себептен бул маселени чечүүгө колдоо көрсөтө ала турган башка мамлекеттер менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул маселе президент менен премьер-министрдин көзөмөл алдында”, - дейт Айдарбеков.

Пикир

Оставить комментарий