• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Иран COVID-19га каршы өзүнүн вакцинасын иштеп чыгууда

Коом 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Иран COVID-19га каршы өзүнүн вакцинасын иштеп чыгууда жана ал азырынча жаман эмес натыйжаларды көрсөтүүдө. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази билдирди.

Элчинин айтуусуна таянсак, вакцина учурда сыноодон өтүүдө, балким ушул жылы колдонушу мүмкүн.

"Вакцина алган үч киши аман-эсен үйүнө чыгарылды, абалдары жакшы. Ушул жылдын июнь айында массалык түрдө коронавируска каршы вакцина жасалышы мүмкүн", - деп маалымдады Саид Харази.

Пикир

Оставить комментарий