• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Иран элчилиги Бишкекте «Шаб-е Ялда» майрамын белгиледи

Коом 0

Бишкек, 22.12.17 /Кабар/. Бишкекте Иран элчилиги тарабынан «Шаб-е Ялда» майрамы белгиленди.

Элчиликтен билдиришкендей, бул майрам Иранда жыл сайын эң узак түндө жана кыш мезгили башталгандыгына байланыштуу белгиленип, жалпы элдик майрам болуп саналат.

21-декабрь күнү Бишкекте Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги байыркы перстердин «Шаб-е Ялда» майрамын – кыштын эң узак түнүн жана кыш мезгилинин башталышын белгилешти.

Майрамдык салтанат А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада Иран элчилиги тарабынан өткөрүлүп, ага борбор калаадагы ирандыктар, кыргызстандыктар катышты.

Алгач куттуктоо сөзүн Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Можтаба Рузбехани сүйлөп, төмөндөгүлөргө токтолду: "Биз Бишкекте бул майрамды экинчи ирет ушул куттуу китепканада өткөрүүдөбүз. Ирандын элчилиги китепкананын жетекчилигине, бүгүнкү салтанаттуу майрамдын баардык катышуучуларына, жогорку окуу жайлардын студенттерине, журналисттерге, ошондой эле бул жерде отурган баардыгыңыздарга ыраазычылык билдирет жана майрамыңыздар менен куттуктайт».

«Ирандыктардын ата-бабалары Жаңы жылдын келиши болуп саналган бул майрамды ушундай жакшы маанай менен белгилеп келишкен. Бүгүн ар бир үй-бүлө мүчөлөрү толугу менен чогулуп, улууларды сыйлашат жана бири-бирине сый-урмат көрсөтүшөт. Себеби жаштар өздөрүнүн ата-энелерине, чоң ата, чоң энелеринен кабар алышып, кеп-кеңешин угуусу жана тажрыйба алмашуусу чоң мааниге ээ болуп, салтка айланып калган. Мусулмандардын ушул чоң майрамында жана кыштын узак, суук түнүндө ирандыктар менен кыргызстандыктардын да достук мамилеси бекемделе беришин каалайт элем. Жыл боюу бизди жалаң ийгиликтер гана коштоп жүрсүн»,- деп куттуктоо сөзүн жыйынтыктады Иран элчиси.

Андан кийин сөз сүйлөгөн Ирандын тышкы иштер министринин орун басары, доктор Мохаммад Саджадпур «Шаб-е Ялда» майрамы жылдын бир мезгили экинчиси менен алмашкандыгы менен символикалуу экендигин белгилеп: «Ялданын символу адамдар муундан муунга ата-бабалардын каада салтын өткөрүп берүүсү менен да өтө маанилүү жана тарбиясы жогору болуп саналат. Ирандыктар бул күнү табияттын баардык жан жараткандарды алып келген түзүүчү күчүн да көрө билишет. Жыл мезгилинин алмашуусу жана Жаңы жылдын башталышы Жараткандын касиеттүү күчүн да айгинелеп турат. Ялда түнү – бул эскерүүлөрдүн, Кудайга ушул күндү көргөнүбүзгө ыраазычылык билдирүү болуп саналат. Анткени түн кыскарып, анын ордун улам узара баштаган жарык күн ээлей баштайт. Анда эмесе Жараткан Алла Тааладан Жаңы жыл баардыгыбызга жалаң жакшылыктар менен жаркын келечекти алып келишин тилек кылалы»,- деп сөзүн аяктады М. Саджадпур.

Өз кезегинде куттуктоо сөздөрүн сүйлөшкөн КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова менен Улуттук илимдер академиясынын президенти Марат Жуматаевдер тарыхы менен маданияты бир, дини окшош, тили жакын кыргыз жана иран элдеринин маданий, саясый, экономикалык кызматташтыктары акыркы жылдары бекемделип жаткандыгын белгилешти. «Кыргызстан Эгемендүү мамлекет катары дүйнө жүзүнө жарыялаганда алгачкылардан болуп Иран Ислам Республикасы куттуктап, өз элчилигин ачкан. Андан берки чейрек кылымдан ашып бараткан дипломатиялык кызматташтыгыбыз улам бекемделип, эки тараптын жогорку деңгээлдеги бир топ мамлекеттик иш сапарлары ишке ашырылды. Ирандын Кыргыз Республикасында маданият тармагында жүргүзүп келаткан иш чаралары өзгөчө колдоого аларлык жана мындай иш чаралар эки элдин достугун ого бетер жакындатууда»,- деди А. Темирбекова. Ал эми М. Жуматаев: «Байыркы перстерден бери белгиленип келаткан Ялда майрамы бизде да Чилде деген ат менен белгилүү жана кеңири белгиленет. Бул биздин түбү бир, маданияты менен каада-салтыбыз окшош экендигин далилдеп турат. Буюрса, келечекте бүгүнкү илими менен билими дүркүрөп өнүгүп жаткан Иран менен бул тармактарда да биргелешип иштешебиз деген үмүт бар»,- деди М. Жуматаев.

Белгилей кетсек, майрамдык салтанатта ирандык музыканттардын шаңдуу ырлары жана күүлөрү жаңырып, Кыргызстандагы ирандык мектеп окуучуларынын концерти менен коштолду.

Маалымат: «Шаб-е Ялда» же «Челле түнү» - бул Иран эли байырттан эле белгилеп келаткан майрам. Кыргызстанда аны кыштын эң суук 40 күнү келген «Чилде түнү» деп аташат.

Турмуш шарты негизинен айыл чарбасы менен байланышкан байыркы перстер жылдын кайсы бир мезгилинде айрым күндөр өтө узун же тескерисинче кыска болгондугун байкашкан. Ошондон кийин жарык жакшылыктын символу катары эсептелип, караңгылык менен дайыма күрөшүү жолунда экендиги тууралуу түшүнүк жаралган.

Байыркы доорлордун элдери, индо-иран жана индо-европа тобундагы арий уруулары жылдын эң кыска күнү – бул күздүн бүтүшү, ал эми эң узак түн – бул кыштын алгачкы түнү деп эсептешкен. Андан соң күн узара баштап, түн кыскарган. Ошондуктан бул мезгилди «Күндүн туулган мезгили» деп эсептешкен жана жыл мезгилинин башталышы катары санашкан. Бир нече миң жылдардан бери ирандыктар ушул күз бүтүп, кыштын башталышы катары саналган эң узак түнү чогулушуп, аны «Шаб-е Ялда» майрамы деп атап келишет.

Пикир

Оставить комментарий