• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Иран газ алмашуу боюнча Түркмөнстанга жаңы келишим сунуштады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.05.18 /Кабар/. Ирандын мунай министринин орун басары Ашхабаддын ТАПИ (Түркмөнстан - Ооганстан - Пакистан - Индия) газ түтүгүн куруу үчүн каражат таба алаарынан күмөн санап жатканын билдирди.

Анын айтымында, буга байланыштуу Тегеран долбоорго Түркмөнстан менен Пакистан катыша турган жаңы келишим түзүүнү сунуштап жатат.

Ирандын Улуттук мунай компаниясынын башчысы Хамидреза Аракинин айтымында, сунушталып жаткан жаңы келишимде түркмөн газын Пакистанга жеткирүү каралган.

«Эч болбоду дегенде ТАПИни 10 жылдан кийин деле курса болот. Азырынча долбоордун коопсуздугун ким камсыздап, каржылык жагын ким көтөрө тургандыгы белгисиз. Биз кыйла арзан баада жана кыска мөөнөттө газ алмашсак болот», - деди ал.

Учурда Түркмөнстан эгемендик алган 1991-жылдан берки эң оор экономикалык каатчылыкты башынан өткөрүүдө. Буга байланыштуу түркмөн бийлиги өлкө үчүн негизги экспорт эсептелген жаратылыш газын сатуунун жаңы багыттарын издөөдө.

Өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов бул максатта ТАПИ газ куурун куруу керек деген чечим кабыл алган. Мамлекет башчынын айтымында, бул долбоор түркмөн газынын экспортун стимулдаштыруунун эң жакшы варианты жана ал өлкө казынасына кыйла киреше алып келе алат. Учурда түркмөн тарап долбоорду ишке ашыруу үчүн 10 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө акча сала турган инвестор издөөдө.

Түркмөнстан учурда газын — 30 миллиард куб метр — Кытайга гана экспорттоп жатат. Бирок анын жарымы Түркмөнстандагы газ кендерин иштетүү жана Кытайга чейин газ түтүгүн куруу үчүн Пекин тарабынан Ашхабадга берилген миллиарддаган долларлык насыяны жабуу үчүн кетүүдө.

Пикир

Оставить комментарий