• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Иран күнүнө 2 млн. баррель мунай экспорттойт

Дүйнө 0

Бишкек, 17.04.18 /Кабар/. ИИР өткөн март айында эле Азия менен Европа өлкөлөрүнө 2,1 млн. доллардан жогору чийки мунай экспорттогон.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, ИИРдин мунай өндүрүү министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Ирандын “кара алтынынын” негизги кардарлары Кытай менен Индия өлкөлөрү болуп саналат. Алдын ала маалыматтарга ылайык, апрель айында Ирандын жогорудагы өлкөлөргө мунай экспорттоосу күнүнө 1,3 млн. баррелге жетээри белгиленген.

Ошондой эле Иран күнүнө 400 миң газ конденсантын экспорттойт жана анын жарымын эле Түштүк Корея сатып алууда.

Белгилей кетсек, Ирандын мунай заттарын сатып алуучу эски кардарлардын тизмесине дагы Италия, Греция, Орусия, Франция, Испания, Румыния, Индонезия жана Польша менен Нидерландия өлкөлөрү кошулушкан.

Ал эми ирандык мунай менен газ конденсанттарынын 60%ы Азия өлкөлөрүнө экспорттолсо, 40%ы Европа өлкөлөрүнө сатылат.

Булагы: ca-irnews

Пикир

Оставить комментарий