• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Иран коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча Кытайдан ашып өттү

Дүйнө 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Иран өлкөсү коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча Кытайдан ашып өттү. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде айтылат.

Иранда илдетти 85 миң 996 адам жуктурса, Кытайда 85 миң 876 адам жуктурган. Иранда COVID-19 вирусунан 63 миң 113 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 миң 291. Ошол эле учурда Кытайда оорудан 77 миң 911 адам айыккан. 4 миң 636 жаран жашоо менен кош айтышкан.

Коронавирусту эң көп АКШда 842 миң 624, Испанияда 213 миң 24, Италияда 187 миң 327, Францияда 157 миң 135, Германияда 150 миң 729, Улуу Британияда 134 миң 639, Түркияда 98 миң 674 жаран жуктурган. Каза болгондордун саны боюнча АКШ сап башында турат. Анда 46 миң 785 жаран каза болгон.

Дүйнөдө COVID-19 илдетин 2 млн 645 миң 92 жаран жуктурса, 719 миң 339 адам оорудан айыккан. Ал эми 184 миң 268 адам оорунун кесепетинен көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий