• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Иран кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу билдирүү жасады

Саясат 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Иран кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу билдирүү жасады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаденин кайрылуусунда төмөндөгүдөй айтылат:

“Иран жакында Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек аралык кагылышууларды жана алардын натыйжасында эки тараптын курман болгон жана жабыркаган жарандарын тынчсыздануу менен байкоодо”.

ТИМдин өкүлү Ирандын эки мамлекеттин лидерлери чек аралык жаңжалды токтотуу боюнча биргеликте көргөн чараларын жогору баалаганын белгилеп, Ирандын тараптардын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн илгерилетүү үчүн жардам берүүгө жана өзүнүн укуктук жана техникалык тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий