• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Иран Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

COVID - 19 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Иран Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Муну менен Иран Кыргызстанга экинчи ирет гуманитардык жардам берип жатат.

Гуманитардык жардамды тапшыруу аземине Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы К.Шадыханов, Кыргызстандын Ирандагы элчиси А.Абдуразаков жана Ирандын
Кыргызстандагы элчиси Саид Харази катышкан.

"Иран тарабынан өздөрүндөгү коронавирус менен күрөшүүдөгү кыйынчылыктарына карабай гуманитардык жардам көрсөтүп жатканы эки өлкө ортосунда өз ара колдоого негизделген
боордоштук алака бар экенин айгинелейт", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий