• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Иран менен Европанын алтынчы бизнес-конференциясы өтөт

Дүйнө 0

Бишкек, 25.04.18 /Кабар/. Irib агенттигинин маалыматына ылайык, Иран менен Европанын Коммерциялык жана банктык алтынчы жыйынынын катчысы Али Дивандари 28-29- апрелде Тегеран шаарында эки тараптын бизнес-конференциясы өтөрүн маалымдады.

Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.
“Конференцияга Ирандын борбордук банкынын башкы төрагасы, өкмөттүн экономика боюча өкүлдөрү жана Европанын компаниялары катышат. Жыйында Ирандын өзөктүк келишимден эки жылдан кийинки банктык жана соода-сатык карым-катнаштары каралат. Жыйындын максаты - Иран менен Европанын кызматташууларынын келечеги, тобокелдиктерди тескөө, банктык карыздарды чечүү стратегиясы, Ирандын мунай жана химия тармагына салым кошуу жана инвесторлорду тартуу темаларын талкулоо болуп саналат”, - деди Али Дивандари билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий