• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Иран өзөктүк куралга каршы келишимден чыгарын эскертти

Дүйнө 0

Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. АКШ санкцияларын катаалдаштырганына жооп иретинде Иран Жапырт жок кылуучу куралдарды жайылтпоо келишиминен чыгуу ыктымалдуулугун кароодо. Бул тууралуу жекшембиде Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф билдирди.

Анын айтымында, ислам республикасы Кошмо Штаттардын аракетине каршы “бир катар” чараларды иштеп чыгууда, келишимден чыгуу – бул бир вариант.

АКШ ушул айда Ислам революциясынын сакчылары корпусун – Иран Куралдуу күчтөрүнүн элиталык аскер бөлүгүн санкциялык тизмеге киргизген. Ал террордук ишмердүүлүккө айыпталууда. Мындан тышкары Вашингтон 1-майдан тарта Кытайга, Индияга, Жапонияга, Түштүк Корея менен Түркияга Ирандан мунай импорттоого берилген убактылуу жеңилдикти токтотоорун жарыялаган.

Дональд Трамп былтыр май айында АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча Тегеран менен дүйнөнүн алты дерважасынын ортосунда 2015-жылы кол коюлган өзөктүк келишимден чыгаарын жарыялаган. Вашингтон Тегеранды документтин шарттарын бузууга, Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштырууга айыптоодо. ЕБ өлкөлөрү, Орусия жана Кытай АКШнын бул кадамын колдогон эмес.

Пикир

Оставить комментарий