• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Иранда үйлөнүү үлпөт тоюн майрамдап жатканда газ жарылып, 11 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 06.12.19. /Кабар/. Ирандагы үйлөнүү үлпөт тоюн майрамдап жатканда газдын жарылуусунан 11 адам көз жумду. Бул тууралуу ТАСС басылмасы билдиргенин Известия жазып чыкты. https://iz.ru/951282/2019-12-06/v-irane-11-chelovek-pogibli-v-rezultate-vzryva-gaza-na-svadbe

Кырсык Ирандын Курдистан провинциясында үйлөнүү тоюн майрамдап жатканда газ жарылып кеткен. Жарылуудан 11 адам, анын ичинде 5 жаш бала көз жумган.

ТАСС агенттигинин маалыматында, жарылуу Ирандын Саккез шаарында болуп, 34 адам жабыркаган.

Жабыр тарткандардын баары жакынкы ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий