• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Иранда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 139га жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 26.02.20. /Кабар/. Иранда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 139га жетип, 19 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Киануш Джаханпур билдирди.

"Кечээтен тарта бүгүн түшкөн чейин коронавирусту жуктуруп алган 44 жаңы учур катталды", - деп билдирген ал.

Андан тышкары, Джаханпур кошумчалагандай, кечээки күндөн бери төрт адам көз жумган жаңы учур катталды. Ошентип, коронавирустун жаңы түрүнөн көз жумгандардын жалпсы саны 19га жетти.

Булак РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий