• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Иранда мина издөөчү учкан аппарат ойлоп табылды

Дүйнө 0

Бишкек, 20.11.17 /Кабар/. Иранда жардыргыч заттарды таап, зыянсыздандыруучу функциялары бар мина издөөчү учкан аппарат ойлоп табылды.

Бул тууралуу "Armenian Report" агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, бул аппарат жерге коюлган 1 метр терендиктеги миналарды таба алат. Алыстан башкарылуучу аппарат снаряддарды зыянсыздандырууда оператор тарабынан көзөмөлдөнөт. Маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, ойлоп табылган аппарат Иран Ислам Республикасынын түштүк жана батыш чек ара аймактарында 1980-1988-жылдардагы Иран-Ирак согушу учурунда калып калган миналарды тазалоодо колдонулушу мүмкүн.

Булагы: СА-IR NEWS

Пикир

Оставить комментарий