• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Иранда президенттик шайлоолор башталды

Дүйнө 0

Бишкек, 19-май /Кабар/. Ирандын бардык шаарларында жума күнү шайлоо участоктору өлкөнүн жаңы президентин шайлоого ачылды. Бул тууралуу улуттук шайлоо комиссия билдиргенин РИА Новости жазат.

Комиссиянын маалыматы боюнча, 56 млн адам добуш берүү укугуна ээ. Жалпысынан 63 миң участок ачылды.

Талапкерлер төртөө: учурдагы президент Хасан Роухани, аятолла Ибрахим Раиси, мурдагы президент Мостафа Хашеми-Таба жана конверваторлордон талапкер Мостафа Ага-Мирсалим. Эгерде алардын бири да 1-турда 50%дан ашык добуш алышпаса, бир жумадан кийин кыйла көп добуш алган эки талапкердин катышуусунда 2-тур өтөт.

Иранда президенттик менен катар шаардык кеңештердин жана парламентке кошумча шайлоолор өтүп жатат.

Шайлоолорду өткөрүүдө коопсуздук чаралары күчөтүлүп, аларды 300 миң укук коргоо органдарынын кызматкерлери камсыздашат.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий