• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Иранда жыл сайын өтүүчү студенттердин үлпөт тоюнун сезону өтүп жатат (фото)

Дүйнө 0

Бишкек, 14.03.18 /Кабар/. Иранда январь айынын аягынан баштап студенттердин үйлөнүү тоюнун кезектеги 21-сезону өтүп жатат. Ал Иран календары боюнча үстүбүздөгү жылдын аягына чейин уланат. Бул тууралуу Tasnim агенттиги кабарлады.

Студенттик үлпөт тойлор - өлкө боюнча ар кайсы жогорку окуу жайларда салттуу түрдө өткөрүлүүчү улуттук деңгээлдеги иш-чара. Анын негизги максаты - үйлөнүү салтанатын толугу менен төлөй албагандарга бул аземди өткөрүүгө жардам берүү. Салт боюнча бул иш-чаранын катышуучулары белектерди жана өзгөчө майрамдык тамак-аштарды алышат. Кээ бирлерин болсо мусулмандардын ыйык жайларына ажылыкка жиберишет. Иш-чарага катталуу үчүн студенттер өздөрүнүн университетиндеги Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин өкүлчүлүгүнө кайрылуусу керек. Эгерде окуу жайда мындай бөлүм жок болсо, түгөйлөр провинциялык деңгээлдеги тийиштүү кызматтарга кайрыла алышат. Студенттердин үлпөт тоюнун сезону 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет. Статистикага ылайык, мындай сезон учурунда баш кошкон жубайлардын 4% гана акырында ажырашып кетет. Бул жылы үлпөт тойлорду өткөрүү чыгымдары азайтылды; өткөн жылы 17 миң түгөйдүн баш кошуу аземин өткөрүүгө болжол менен 2,7 млн доллар сарпталган, ал эми бул жылы болсо ушул эле сумманы 20 миң түгөйгө сарптоо пландаштырылууда.

Булагы: CA-IR NEWS

Пикир

Оставить комментарий