• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ирандагы суу ташкындан кийин 500 миң адам үй-жайын таштады

Дүйнө 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Иранда жаан-чачындан улам суу ташкындары болуп жарым миллион адам үй-жайын таштап кеткен. Бул тууралуу Кызыл Жарым ай жана Кызыл Крест коомунун эл аралык федерациясы билдиргенин "Анадолу" агенттиги жазып чыкты.

Анда айтылгандай, Ирандагы 31 облустун 25 облусунда катуу жаан-чачын жүргөн. Анын айынан 2000ден ашык шаарлар менен айылдар жабыркаган. Табият кырсыгы 78 адамдын өмүрүн алып кетип, 1136 адам жаракат алган. Ошондой эле, жарым миллион адам үйүн таштап кетүүгө мажбур болгон.

Ирандагы Кызыл Жарым ай уюмунун Эл аралык мамилелер жана адам укугу боюнча башкы катчысы Захра Фалахаттын айтымында, бул акыркы 15 жыл аралыгында Ирандагы эң ири табигый кырсык болду.

Табигый кырсык Иран өлкөсүнө 2,5 млрд долларлык зыян келтирген. Өкмөт зыян тарткандарга, өзгөчө фермерлерге зыяндын ордун толтуруп берээрин билдирген. Ал эми, Кызыл Жарым ай жана Кызыл Крест коомунун эл аралык федерациясы жапа чеккендерге каржылык жардам берүү боюнча эл аралык коомчулукка кайрылган.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зарифтин айтымында, АКШда банк жана энергетика чөйрөсүндө болуп жаткан санкциялардан улам мамлекетте вертолеттор жетишсиз болуп жатат.

Белгилей кетсек, Иранда жаан-чачын 19-мартта башталган. Суу ташкыны көптөгөн жолдорду, көпүрөлөрдү жана имараттарды кыйраткан.

Пикир

Оставить комментарий