• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ирандагы террордук актыдан каза болгондордун саны 24кө жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 22.09.18 /Кабар/. Иранда өткөн аскердик парад учрунда болгон террордук актыдан каза болгондордун саны 24кө жетти. Бул тууралуу ирандык Press TV телеканалы билдирди.

Ирандын түштүк-батышындагы Ахваз шаарындагы террордук акт бүгүн, эртең менен болгон. Анда белгисиз адамдар аскердик параддын катышуучуларын көздөй ок чыгарышкан.

Ирандын мамлекеттик “Иран ислам республикасынын үнү” телерадиокомпаниясы кол салгандарды такфирит-террорчулар деп аташкан. Бул термин иран бийлиги тарабынан “Ислам мамлекети” тобунун мүчөлөрүнө карата колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий