• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ирандан кайтып келген жүк ташуучуларда коронавирус илдети табылган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Ирандан кайтып келген жүк ташуучуларда коронавирус илдетин табылган жок. Бул Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Белгилей кетчү нерсе, буга чейин социалдык тармактарда маалыматтар тарап, анда Ирандан кайтып келген айдоочулар коронавирус жуктуруп алгандыгы айтылган.

Акматова бул маалыматты төгүндөп, анализдер алынгандыгын жана изилдөө жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Эске сала кетсек, кеп Азербайжан жана Түркмөнстан өз чек арасын жапкандыгына байланыштуу Иран Ислам Республикасынын аймагында калып калган 60 жүк ташуучу унаанын айдоочусу тууралуу болуп жатат. Алар транзит менен Азербайжан, Россия жана Казакстан аркылуу мекенине кайтып келишкен.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учур аныкталган. Алардын ичинен Ош облусунда – 20 адам, Жалал-Абад облусунда – 19 киши, Бишкек шаарында – 3 адам, Чүй облусунда – 1 адам жана Баткен облусунда – 1 адам бар.

Буга байланыштуу 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилди.

Мындан улам Бишкекте 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө болбойт. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий