• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ирандан келе жаткан кыргыз жүк ташуучулардын акыркы колоннасы Казакстандын аймагына өттү - ТИМ

Коом 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Ирандан келе жаткан кыргыз жүк ташуучулардын акыркы колоннасы Казакстандын аймагына өттү. Бул тууралуу КРТышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-мартта Казакстан-Россия чек арасындагы "Котяевка-Курмангазы" көзөмөл-өткөрүү бекетинен Казакстандын аймагына акыркы 12 кыргыз жүк ташуучу унаа өткөн. Алар Ирандан Кыргызстанга Азербайжан, Россия жана Казакстан аркылуу келе жатышат. 20-марттан тарта жалпысынан Казакстан аркылуу 57 кыргыз жүк ташуучу унаа өткөн.

"Казакстан тарап Ирандан Кыргызстанга келе жаткан кыргызстандык жүк ташуулар үчүн түзүп берген транзиттик коридору жабылды, жүк ташуучулар менен байланышка маселе чечилди", - деп билдирет министрлик.

Министрлик кыргыз жүк ташуучуларына өз аймагы аркылуу өтүүгө шарт түзүп бергендиги үчүн Иран, Азербайжан, Россия жана Казакстандын Тышкы иштер министрликтерине ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий