• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ирандык окумуштуулар иммунитетти бекемдей турган кашык ойлоп чыгарышты

Дүр дүйнө 0

Чөп чайлардын касиеттерин жакшыртуу долбоорунун алкагында Ирандык окумуштуулары пробиотиктер функциялары менен чай кашыктарды ойлоп чыгарышты.

Бул тууралуу "Иран Бүгүн" агенттиги Iran Front Page интернет сайтына шилетме берип маалымдады. Чай кашыктардын жаңы түрүн чыгаруу долбоорунун менеджери Бехруз Моради бул долбоор адамдын иммуналдык түзүлүшүн бекемдетүү максатында багытталганын билдирген. Бир ирет пайдаланыла турган бул чай кашыктардын курамында пробиотикалык бактериялар камтылып, өнөкөт ооруларды айыктырууда маанилүү рол ойномокчу. Окумуштуулар чөп чайлар менен пробиотиктерди чогуу пайдаланса, адамдын иммунитети бекемделерин изилдеп чыгышкан.

Белгилей кетсек, Иран чөп чайларынын курамында жалбыз, затар, тмин, фенхель, мелисса, корица, ажгон, стевий, табигый глюкоза жана пробиотикалык бактериялар бар. Аталган долбоордун менеджери бир ирет колдонулуучу бул кашыктар кандагы липид жана канттын жогорулашынан сактап, инфаркт жана исульттардын болушун алдын алып, рактын айрым түрлөрүн дарылоочу касиети бар. Ошондой эле сиңирүү органдарына оң таасир этмекчи.

Булагы: CA-IR NEWS

Пикир

Оставить комментарий