• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ирандын 23 депутаты коронавирусту жуктурап алды

Дүйнө 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Ирандын 23 депутаты коронавирусту жуктурап алды. Бул тууралуу парламенттин төрагасынын орун басары Абдолреза Месри билдиргенин YJC порталы жазат.

Абдолреза Месри депутаттарды эл менен байланышта болуудан оолак болууга чакырган. Бирок, ага карабай парламент ишин улантууда.

Акыркы маалыматтар боюнча, Иранда 19-февралдан бери коронавирусту жуктурган 1 миң 501 учур катталган. Алардын 66сы каза болсо, 291 адам оорудан айыккан.

Пикир

Оставить комментарий