• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ирандын аймагындагы кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн үч өлкө аркылуу транзит уюштурулат

Коом 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Ирандан чыга албай калган кыргызстандык жүк ташуучулар үчүн Азербайжан, Россия жана Казакстан аркылуу транзит уюштурулат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, КР өкмөтү Азербайжан, Россия жана Казакстандын өкмөттөрү менен кыргызстандык жүк ташуучу айдоочулар үчүн транзиттик коридор берүү маселеси боюнча макулдашууга жетишкен.

Белгилей кетсек, коронавирустан улам Иран менен коңшу мамлекеттердин чек аралары жабылып, КР айдоочулары Ирандан чыга албай калышкан.

Министрликтен белгилешкендей, Кыргызстандын Тегерандагы элчилиги бул маселени көзөмөлгө алып, Ирандагы айдоочуларга жардам көрсөтүлүүдө, маселен:

- Тышкы иштер министрлиги, Ирандын тиешелүү министрлик жана мекемелери менен кыргызстандык жүк ташуучуларга көмөк көрсөтүүнү, анын ичинде ирандык визаны акысыз түрдө узартуу жана визанын мөөнөтүнүн эскиргени үчүн салынуучу айыппулдан бошотууну макулдашкан;

- КР транспорт жана жолдор министри Ж.С.Бейшенов менен Ирандын жолдор жана шаар куруу министри М. Эсламинин телефондук сүйлөшүүсү болуп, анда Иран тарап кыргыз айдоочуларын транзит үчүн алынуучу төлөмдөрдөн бошотууга даяр экенин билдирген;

- 7-10-мартта Кыргызстандын элчилигинин консулу "Серахс", "Лютфабад" көзөмөл бекеттерине барып, кыргыз айдоочулары жана Ирандын чек арадагы бажы бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушкан. Айдоочуларга бажы жана транзиттик документтерин тезирээк бүткөрүү үчүн КР элчилигинин консулдук бөлүмү Ирандын Тышкы иштер министрлиги жана бажы кызматынын жетекчилери менен байланышта болууда;

- 17-мартка карата "Серахс", "Лютфабад" көзөмөл бекеттериндеги кыргыз айдоочулары транзиттик-бажы документтерин бүткөрүп, иран-азербайжан чек арасына чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий