• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ирандын Бадрэ шаарында селден кийин байыркы эки чопо идиш табылды

Дүйнө 0

Бишкек. 03.04.19 /Кабар/. Ирандын Бадрэ шаарында каптаган селден кийин жер үстүнөн байыркы 2 чопо идиш табылды. IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, бул идиштер Сасанид доорунун аягына жана Ислам доорунун алгачкы жылдарына таандык экени аныкталды.

Чопо идиштер музейге өткөрүлүп берилди. Илам провинциясында буга чейин 1700 тарыхый буюмдар табылган.

Белгилей кетсек, Ирандын проинцияларында каптаган селдерден улам, жер дөңчөлөр жуулуп, байыркы буюмдар жер үстүнө чыгууда.

Ошондой эле айрым тарыхый жайлар нөшөрлөгөн жамгырдан жана селден бузулууда. Мисалы, Хамедан провинциясындагы Мирафатах Малайердин муздаткычы селден жабыркады.

Эске салсак, Мирафатах Малайердин муздаткычы Кажар доорунда курулган жана анын түбүндө кышы, жайы бою муз сакталып турган.

Пикир

Оставить комментарий